> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Келерки жылы Оштогу Жаңы Маале айылы реновация болот
- URL: https://im.kg/ekonomika/2025/12/04/kielierki-zhyly-oshtoghu-zhany-maalie-aiyly-rienovatsiia-bolot/
- Published: 2025-12-04T14:38:05.000Z
- Updated: 2025-12-04T14:38:04.000Z
- Author: Ишкер Media
- Tags: Экономика, Кыймылсыз мүлк

**Аймактык реформанын негизинде Ош шаарына кошулган Жаңы-Маале айылындагы эски тамдар бузулуп, ордуна көп кабаттуу үйлөр куруларын мэр Жеңишбек Токторбаев кечээ аталган айылдын тургундары менен жолугушууда билдирди.** 

Ош шаарынын мэриясы Жаңы-Маала айылын реновациялоону пландаштырууда. Жолугушууда шаар мэри жергиликтүү тургундарга аталган долбоор тууралуу маалымат берди. 

> Келерки жылдан баштап конуштагы бардык эски турак жайларды бузуп алып салып, ордуна жаңы көп кабаттуу жана жер үйлөр, мектеп, бала бакча, үй-бүлөлүк дарыгерлер борбору, мечит жана сквер курулат. 

Мэр өз сөзүндө биринчи кезекте 12 жылдык мектептин курулушу башталарын, орду даяр экенин белгилеп өттү. Конушта төрт жылдык мектеп менен үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунан башка социалдык объект жок. Көпчүлүгү эскилиги жеткен үйлөрдө, инфраструктуралык оор шартта күн кечирип келет",-деп жазылган мэрия тараткан маалыматта.