> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# "Росатом" Кыргызстанга 2026-жылы шамал электр станциясын кура баштайт
- URL: https://im.kg/ekonomika/2025/12/04/rosatom-kyrghyzstangha-2026-zhyly-shamal-eliektr-stantsiiasyn-kura-bashtait/
- Published: 2025-12-04T13:17:50.000Z
- Updated: 2025-12-04T13:17:49.000Z
- Author: Ишкер Media
- Tags: Экономика, Энергетика

**“Росатом жаңылануучу энергия” ААКнын башкы директору Григорий Назаров “Росатом” Кыргызстанда кубаттуулугу 100 МВт болгон шамал электр станциясын (ШЭС) 2026-жылы куруууну пландап жатканын билдирди.** 

> “Биз ноябрь айында станцияны туташтыруу боюнча техникалык шартты алдык, бул бизге объектти деталдуу долбоорлоого киришүүгө мүмкүндүк берет. Учурда жалпы пландаштыруу, аянтча, туташтыруу схемалары аныкталды. Биз так параметрлерди алып, деталдуу долбоорлоого өттүк. Курулуш техникасы аянтчага 2026-жылы чыгат, бирок, так айын айтууга али эрте”, — деди ал Дагестандагы иш сапарында. 

Эске салсак, бул ШЭСтин курулушу жана эксплуатациясы боюнча инвестициялык келишим 2024-жылдын аягында түзүлгөн. Долбоор шамал электр станциясын куруп, андан өндүрүлгөн электр энергиясын сатуу мүмкүнчүлүгүн камтыйт.