> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Айыл чарбасында сугат суусунун тартыштыгы 2040-жылга чейин 24%га чейин жетиши мүмкүн
- URL: https://im.kg/ekonomika/2025/12/05/aiyl-charbasynda-sughat-suusunun-tartyshtyghy-2040-zhylgha-chieiin-24-gha-chieiin-zhietishi-mumkun/
- Published: 2025-12-05T08:20:40.000Z
- Updated: 2025-12-05T08:30:30.000Z
- Author: Ишкер Media
- Tags: Экономика, #Жаңылыктар

**Дүйнөлүк банк тобу жарыялаган Кыргызстандын климаты жана өнүгүүсү боюнча отчетунда (CCDR) 2040-жылга чейин айыл жергесинде жашаган кошумча 170 миңге жакын адам жакырчылык чегинен төмөндөп кетиши мүмкүн экени айтылды.**

> Айыл чарбасында сугат суусунун тартыштыгы 24%га чейин жетип, жыл сайын кирешелердин 5–10%жоготуусуна алып келиши мүмкүн. Инфраструктура — биринчи кезекте жолдор жана көпүрөлөр — тейлөөгө кыйла көп каражат талап кылып, жылдык оңдоо чыгымдары 100 млн доллардан ашышы мүмкүн дегенн божомол бар. 

Жер көчкүлөрдүн көбөйүшү сел коркунучун күчөтүп, инфраструктурага келтирилчү мүмкүн болгон зыян 72%га чейин өсүшү ыктымал.

“Ошол эле учурда айрым тармактар өзгөрүүлөрдөн пайда көрүшү мүмкүн. Дарыя агымынын көбөйүшүнө байланыштуу 2050-жылга чейин гидроэнергия өндүрүшү 11%га чейин өсүшү ыктымал, бирок суу сактагычтардын ылайлануусу алардын ишин начарлатат. 2050-жылга чейин көмүртек нейтралдуулугуна жетүү таза абаны камсыздап, энергетикалык коопсуздукту бекемдеп, энергия үнөмдөөнү жогорулатат. Электр энергиясынын экспорту аркылуу 3,5 млрд долларлык киреше түшүп, нефть продуктыларын импорттоодон 3 млрд долларга чейин үнөм болушу мүмкүн. Мамлекеттик инфраструктурага жеке сектор инвестицияларды тартат, бирок бул мүмкүнчүлүктөрдү ишке ашыруу үчүн энергетика, курулуш жана транспорт тармактарына кошумча 10 млрд доллар инвестиция талап кылынат”, — деп айтылат билдирүүдө.