> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Кыргызстан туруктуу климат жана жашыл экономика боюнча талкуу өткөрдү
- URL: https://im.kg/ekonomika/2025/12/05/kyrghyzstan-turuktuu-klimat-zhana-zhashyl-ekonomika-boiuncha-talkuu-otkordu/
- Published: 2025-12-05T05:38:42.000Z
- Updated: 2025-12-05T05:38:42.000Z
- Author: Ишкер Media
- Tags: Экономика

**Бишкекте Кыргызстандын климаттык өзгөрүүлөрдүн таасири жана экономикалык мүмкүнчүлүктөрү талкууланды. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинен билдиришти.** 

Бишкекте өткөн иш-чарада климаттык өзгөрүүлөрдүн тобокелдиктери жана экономикалык мүмкүнчүлүктөрү талкууланып, климатка туруктуу жана төмөн көмүртектүү өнүгүү жол картасы сунушталды.

> Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаев белгилегендей, Кыргызстан тоолуу өлкө катары климаттын өзгөрүшүнө түздөн-түз дуушар болууда. Милдет – туруктуу айыл чарба, сууну эффективдүү колдонуу, жаңы энергетикалык долбоорлор жана жашыл экономика аркылуу өнүгүүнү камсыз кылуу.

Докладда өлкөдөгү суу ресурстарынын азайышы, мөңгүлөрдүн эриши, кургакчылык жана экстремалдуу жаан-чачындар экономиканы жана инфратүзүмдү коркунучка дуушар кылаары айтылды. Бул көйгөйлөрдү чечүү үчүн ирригацияны модернизациялоо, климатка туруктуу айыл чарба жана энергияны үнөмдүү колдонуу боюнча чаралар көрүлүүдө.

Кыргызстан "жашыл экономика" программасын 2029-жылга чейин ишке ашырып, энергетика, гидроэнергетика, күн панелдери жана суу ресурстарын рационалдуу колдонуу аркылуу климаттык туруктуулукту жана экономикалык өсүштү камсыз кылууну пландап жатат.