> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Өзбекстан "Камбар-Ата-1 ГЭС" долбоорун каржылоого расмий түрдө киришет
- URL: https://im.kg/ekonomika/2025/12/06/ozbiekstan-kambar-ata-1-ges-dolboorun-karzhyloogho-rasmii-turdo-kirishiet/
- Published: 2025-12-06T04:10:20.000Z
- Updated: 2025-12-06T04:10:20.000Z
- Author: Ишкер Media
- Tags: Экономика

Өзбекстан келерки жылдан тарта "Камбар-Ата-1 ГЭС" долбоорун каржылоого расмий түрдө киришерин президент Шавкат Мирзиёев Ташкентте өтүп жаткан "Туруктуу энергетика – Жаңы Өзбекстан келечегине ишенимдүү кадам" аттуу эл аралык конференцияда айтканын президенттин басма сөз кызматы билдирген.

Президенттин айтымында, акыркы жылдары өлкөнүн энергия өндүрүү кубаттуулугу кыйла арткандыктан, Өзбекстан кошуна мамлекеттер менен бирдиктүү энергетикалык рынок түзүү багытындагы өнөктөштүктү бекемдеп келет.

"Региондун гидроэнергетикалык мүмкүнчүлүгүн натыйжалуу пайдалануу жана биргелешип башкаруу үчүн келерки жылы Кыргызстан жана Казакстан менен чогуу "Камбар-Ата-1 ГЭС" долбоорун каржылоону баштайбыз", — деди Мирзиёев.