> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Тоң районунда күнөскана менен көчөт жана үрөн сактоочу кампа ачылды
- URL: https://im.kg/ekonomika/2025/12/07/ton-raionunda-kunoskana-mienien-kochot-zhana-uron-saktoochu-kampa-achyldy/
- Published: 2025-12-07T11:58:43.000Z
- Updated: 2025-12-07T11:58:43.000Z
- Author: Ишкер Media
- Tags: Экономика, #Жаңылыктар

**Токой кызматынын Тоң токой чарбасында заманбап күнөскана менен көчөт жана үрөн сактоочу муздаткыч кампасынын ачылышы болду.** 

> Бул объектилер Түрк мамлекетинин Өкмөтүнүн каржылык колдоосунун жана БУУнун азык-түлүктүк жана айыл чарба уюмунун Friends долбоорунун алкагында курулуп жатат. Күнөсканага 2 млн 150 миң 118 сом, ал эми муздаткыч кампага 1 млн 304 миң 240 сом сарпталган.

> Ошондой эле Тоң токой чарбасынын көчөт сатуу жана башка кызмат көрсөтүүлөрдөн топтолгон өздүк каражатынын эсебинен чарбанын кеңсеси 1 млн 915 миң 168 сомго капиталдык оңдоодон өткөрүлүп, бүткөрүлдү.

Президент С.Жапаровдун демилгеси менен ишке ашырылып жаткан "Жашыл мурас" кампаниясынын алкагында Тоң токой чарбасынын Кара-Кемер участогуна 30 гектар аянтка 37 500 түп ийне жалбырактуу бак-дарактардын көчөттөрү отургузулду. Аталган аянт жогоруда белгилеп кеткен Түркия мамлекетинин каржылык колдоосу жана БУУнун азык-түлүктүк жана айыл чарба уюмунун техникалык колдоосу менен тосмолонуп, токой отургузуу иш чарасы 3 млн 099 миң 586 сомго каржыланды.