> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# АКШдан быйыл 8 айда Кыргызстанга 13,8 млн доллар которулган
- URL: https://im.kg/ekonomika/2025/12/08/akshdan-byiyl-8-aida-kyrghyzstangha-13-8-mln-dollar-kotorulghan/
- Published: 2025-12-08T03:16:57.000Z
- Updated: 2025-12-08T03:16:57.000Z
- Author: Ишкер Media
- Tags: Экономика, Бизнес

**Кыргызстанга АКШдан 2025-жылдын январынан сентябрына чейин 13,8 миллион доллардан ашык акча которуулар түшкөнү Улуттук банктын материалдарында келтирилген.**

> Белгиленгендей, 2024-жылы АКШдан Кыргызстанга жөнөтүлгөн трансчекаралык жеке акча которууларынын көлөмү 54,9 миллион долларды түзгөн.

> Эң жогорку көрсөткүчтөр 2008–2011-жылдары байкалган, ал убакта АКШдан жыл сайын акча которуулар 60 миллион доллардан ашып турган.

2022-жылдан тарта Улуттук банк статистикасына банктык мобилдик колдонмолор жана электрондук капчыктар аркылуу жүргүзүлгөн которуулар да киргизиле баштаган.