> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Францияда массалык иш таштоолордон улам алкоголдук компаниялар ишин токтотушту
- URL: https://im.kg/ekonomika/2025/12/08/frantsiiada-massalyk-ish-tashtoolordon-ulam-alkogholduk-kompaniialar-ishin-toktotushtu/
- Published: 2025-12-08T03:07:20.000Z
- Updated: 2025-12-08T03:07:20.000Z
- Author: Ишкер Media
- Tags: Экономика, Кызыктуу

**Франциядагы массалык иш таштоолордон улам 26 алкоголдук ичимдик өндүрүүчү компания өз ишин токтотууга аргасыз болгонун "Казинформ" агенттиги кабарлады.**

Иш таштоолор шарап, шампан, коньяк жана башка спирт ичимдиктерин өндүргөн ири компанияларга терс таасирин тийгизген. LCI телеканалы билдиргендей, Франциянын түндүк-чыгышындагы Шампан-Арден аймагында жайгашкан Ruinart жана Moët & Chandon компанияларынын кызматкерлеринин 80%ы иш таштоого чыгышкан.

> Алар ишкана жетекчилигинин жылдык бонус төлөмүн жокко чыгаруу чечимине каршы экенин билдиришкен. Бул бонус 1967-жылдан бери төлөнүп келген жана быйыл алгачкы жолу токтотулуп жатат. Профсоюз өкүлдөрү билдиргендей, бул бонустун жоктугу айрым кызматкерлер үчүн эмгек акынын 10-15% төмөндөшүнө алып келет.

2024-жылдын биринчи чейрегинде алкоголдук ичимдиктерге болгон суроо-талап 33%га төмөндөгөн, жыл аягына чейин бул көрсөткүч 36%га жетиши мүмкүн. Бул, негизинен Кытайдын француз коньягын импорттоого чектөө киргизиши жана АКШда керектөөнүн азайышы менен байланыштуу.