> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# ЦУМдун жанындагы жол үчтөн алты тилкелүү болуп ачылат
- URL: https://im.kg/ekonomika/2025/12/08/tsumdun-zhanyndaghy-zhol-uchton-alty-tilkieluu-bolup-achylat/
- Published: 2025-12-08T13:04:08.000Z
- Updated: 2025-12-08T13:04:07.000Z
- Author: Ишкер Media
- Tags: Экономика, Кыймылсыз мүлк

**“Old Bishkek” долбоору кайра каралып, элдин кызыкчылыгына ылайык өзгөртүлөрүн аталган долбоордун негиздөөчүсү Нариман Түлеев билдирди.** 

Анын айтымында, мындай чечим бул элдин нааразычылыгын жана мамлекет башчыларынын талаптарын эске алуу менен кабылган. 

> “УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев “Долбоордо белгиленген, айрым жагдайлар өзгөртүлүп кетиптир, кайрадан карап чыккыла” деп айтты. 

> Анын ичинде имараттагы үчүнчү кабатты алып салуу, жолдун туурасын кеңейтүү сыяктуу маселелер бар. Бул талаптардын бардыгы аткарылат, тиешелүү оңдоолор жүргүзүлөт. Бизден ката кеткен болсо, кечирим сурайбыз. Элдин пикири биз үчүн маанилүү. Ошондуктан долбоор кайра иштелип чыгат",-дейт Н.Түлеев. 

Бугау улай ал жол эки тараптан үчтөн тилке болуп, жалпы алты тилкелүү болуп жасаларын, эгерде аба ырайы жакшы болсо, жолду быйыл бүткөрүлөрүн билдирди. Ошондой эле ал 12-декабрда ачыларын кошумчалады.