> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Жакынкы жылдарда Кыргызстанда сугатка болгон муктаждык 2–6%га көбөйүшү мүмкүн
- URL: https://im.kg/ekonomika/2025/12/08/zhakynky-zhyldarda-kyrghyzstanda-sughatka-bolghon-muktazhdyk-2-6-gha-koboiushu/
- Published: 2025-12-08T03:38:02.000Z
- Updated: 2025-12-08T03:48:20.000Z
- Author: Ишкер Media
- Tags: Экономика, Саясат

**Климаттын өзгөрүшү өлкөнүн агрардык секторуна болгон басымды күчөтөрүн Дүйнөлүк банктын улук экономисти Елена Голуб климат жана өнүгүү боюнча өлкөлүк докладдын презентациясында билдирди.**

Анын айтымында, абанын температурасы жогорулаган шартта айыл чарба жана мал чарбачылыгында сугатка болгон муктаждык 2–6%га көбөйүшү мүмкүн. Ошол эле учурда, ирригациялык системаларды модернизациялоо боюнча пландаштырылган чаралар да сугарылуучу жерлердин кеңейишинен улам келечектеги суроо-талапты толук канааттандыра албайт.

Дүйнөлүк банктын анализи көрсөткөндөй, климаттын мал чарбачылыгынын продуктивдүүлүгүнө тийгизген таасири анча чоң болбойт, анткени тармак буга чейин эле жайыттардын деградациясынан жабыркап келет.

“2020-жылы түштүк аймактардагы жайыттардын 42%ы начар абалда болгон. Топурактын деградациясы Талас, Жалал-Абад жана Чүй облустарында жер көчкү жана суу каптоо коркунучун да күчөтүп жатат”, – деген Голуб.

Экономист белгилегендей, дарыялардын агымынын мүнөзү өзгөрүшү күтүлүүдө. Муздардын эриши бир айга эртелегендиктен, жылдык агым 2050-жылдары 5–9%га көбөйүшү мүмкүн. Ошол эле учурда, мөңгүлөрдүн көлөмү азайып бара жатат. Бул кошумча суу сактагычтарды курууну талап кылат.

Гидроэнергетика секторунда климаттык өзгөрүүлөр кургак шарттарда энергия өндүрүү потенциалын 1–3%га, ал эми нымдуу шарттарда 9–11%га чейин жогорулатышы мүмкүн.

“Бирок температуранын жогорулашы айрым сценарийлерде суу сактагычтардагы чөгүндүлөрдүн көлөмүн 10%га чейин көбөйтөт. Тең салмактуу жер пайдаланууну кошкондо адаптация чараларын киргизүү бул көрсөткүчтү эки эседен ашык кыскарта алат”, — деп кошумчалады Голуб.

Эксперттин айтымында, климаттын өзгөрүшү транспорт инфраструктурасына да таасир этет. Жер көчкү жана катуу жаан-чачындын көбөйүшү көпүрөлөрдүн 60%га чейинкисине коркунуч жаратат. Оңдоолорго кеткен эң көп чыгымдар түндүк жана түндүк-чыгыш аймактарында күтүлөт. Аныдктан адаптация үчүн климаттык тобокелдиктерди эске алган курулуш стандарттарына өтүү зарыл.