А.Касымалиев: 2025-жылга консолидацияланган бюджет 1,1 трлн сомдон ашаары күтүлүүдө
Бүгүн КРнын Министрлер Кабинетинин кезектеги жыйыны болду. Анда бир катар актуалдуу маселелер каралып, анын негизгилеринин бири болуп, “Кыргыз Республикасынын 2025-жылга жана 2026-2027-жылдардын пландык мезгилине республикалык бюджети жөнүндө” Мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Мыйзамдын долбоору талкууланды.
Жыйындын жүрүшүндө министрлер кабинетинин төрагасы А.Касымалиев Кыргызстандын 2025-жылга консолидацияланган бюджети 1,1 трлн сомдон ашкандыгын жарыялады.
“Бүгүн биз 2025-жылга консолидацияланган бюджетти карап жатып, бюджеттин көлөмү 1,1 триллион сомдон ашканын расмий түрдө жарыялайбыз жана 2025-жылы – триллиондук тарыхый чекти басканыбызды белгилейм. Бекитилген консолидацияланган бюджет 708,8 млрд сом болчу, азыр – 381,7 млрд сомго өсүү же 153,8%га көбөйүшү менен жылды жыйынтыктаганы жатабыз. Киреше жана чыгашаларды эсептегенден кийин 10 млрд сомдон ашык профицит менен бул жылга чыгабыз”, – деп белгиледи Адылбек Касымалиев.
Андан соң Адылбек Касымалиев өлкөнүн макроэкономикалык көрсөткүчтөрүнө токтолуп, быйылкы жылдын 10 айында ИДПнын өсүшү 10% түзгөндүгүн билдирди.
“Эл аралык валюта фондунун маалыматы боюнча 2024-жылы Кыргызстан ИДПнын реалдуу өсүү темпи боюнча дүйнөнүн алдыңкы 3 өлкөнүн катарына кирди, буга чейин 9% өсүү темпи менен алдыңкы 5 өлкөнүн катарына кирген. Экономиканын бардык тармактарында өсүү катталды. Булардын ичинде курулуштагы жылдык өсүүлөр орточо 42,8%ды түзгөнүн белгилөөгө болот. ИДПнын адам башына бөлүнүшү 2025-жылы бекитилгени 2616 доллар болсо, жылдын жыйынтыгы менен 2770 долларды түзөт деп болжолдонуп жатат (+154 долл). Улуттук банк маалыматы боюнча, 2025-жылдын октябрь айынын жыйынтыгы боюнча Кыргызстандын алтын-валюта резервдери дээрлик 8 млрд долларга жетти (7 млрд 955,10 млн долл), 2024-жылдын октябрына салыштырмалуу – 3 млрд 20,34 млн долларга өстү”, - деди ал.
Министрлер Кабинетинин Төрагасы дүйнөлүк экономиканын абалына кыскача токтолуп, 2025-жылдын 1-декабрына карата дүйнөлүк экономикада өсүш темпинин басаңдоо белгилери байкалып жатканын белгиледи. Ал Дүйнөлүк банктын эксперттеринин баамында, саясий туруксуздук жана соода чырлары менен калыптанып жаткан дүйнөлүк кырдаалда – Кыргызстандын экономикасы – позитивдүү өнүгүүдө баратканын жана өлкө саясий стабилдүүлүктө болуп жаткандыгын белгилөөгө болоорун айтты.
Отурумдун жыйынтыгында Министрлер Кабинети республикалык бюджетке өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу чечимди жактырды.



