> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Тигүүчүлөр жана чакан бизнес үчүн салыктык жана камсыздандыруу жеңилдиктери каралууда
- URL: https://im.kg/ekonomika/2025/12/09/tighuuchulor-zhana-chakan-biznies-uchun-salyktyk-zhana-kamsyzdandyruu-zhienildiktieri-karaluuda/
- Published: 2025-12-09T04:13:31.000Z
- Updated: 2025-12-09T04:13:31.000Z
- Author: Ишкер Media
- Tags: Экономика

Кыргызстанда тигүү ишканаларынын бардык категориялары үчүн бирдиктүү шарттарды түзө турган мыйзам долбоору даярдалып жатат. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматынын төрагасынын орун басары Кубанычбек Ысабеков Ала-Тоо LIVE программасына берген маегинде билдирди.

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2025/12/---------------------------13--1.png)

Анын айтымында, жаңы эрежелер тигүүчүлөрдүн бардык категориялары үчүн бирдей шарттарды түзөт. Камсыздандыруу төгүмдөрү орточо айлык акынынын 40%ынан 12% өлчөмүндө эсептелип, орточо 2 200 сомдун тегерегин түзмөкчү. Мындан тышкары, белгилүү бир мөөнөткө киреше салыгынан бошотуу да киргизилиши мүмкүн.

> *«Бул тигүүчүлөрдү оор мезгилде колдоого алып, бизнесин мыйзамдаштырууга түрткү берет», — деди төраганын орун басары Кубанычбек Ысабеков.*

Эскерте кетсек, Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров тигүү тармагынын жана чакан жана орто ишкердиктин субъекттерин колдоого багытталган “Экономиканын айрым тармактарын колдоо боюнча чаралар жөнүндө” Жарлыкка кол койгон.

> Ага ылайык, КРнын Министрлер Кабинетине пенсия системасынын натыйжалуулугун жогорулатуу жана сектордун социалдык-экономикалык туруктуулугун бекемдөө максатында тигүү тармагынын субъекттери үчүн киреше салыгынын ставкаларын жана камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтерин төмөндөтүүнү кароо сунушталган.