> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Кыргызстанда кыймылсыз мүлк салыгын төлөө автоматташтырылат
- URL: https://im.kg/ekonomika/2025/12/10/kyrghyzstanda-kyimylsyz-mulk-salyghyn-toloo-avtomattashtyrylat/
- Published: 2025-12-10T06:22:39.000Z
- Updated: 2025-12-10T06:22:39.000Z
- Author: Ишкер Media
- Tags: Экономика, #Жаңылыктар

**Салык кызматы кыймылсыз мүлккө салыкты автоматташтырылган түрдө эсептөөнү киргизип, жарандар менен компанияларды маалыматтарын алдын ала текшерүүгө чакырды.** 

Салык кызматы мүлк салыгын автоматтык түрдө эсептөөнү киргизип, жарандар менен юридикалык жактарды өз маалыматтарын алдын ала текшерүүгө чакырууда. Ведомствонун маалыматына ылайык, бул Салык кодексине киргизилген өзгөртүүлөр менен байланыштуу: эми салык объекттин жайгашкан жерине жараша эсептелет жана төлөнөт.

Салык кызматы системаны техникалык жактан жөндөөнү жүргүзүп жатат. Бул эсептөөнү жеңилдетүүгө, административдик жүктү азайтууга жана эсептөөлөрдүн тактыгына өбөлгө түзөт.

> 2026-жыл үчүн милдеттенмелерди туура түзүү максатында, Салык кызматы жарандарга жана юридикалык жактарга укуктук документтериндеги маалыматтарды "Кадастр" мамлекеттик мекемесиндеги маалымат менен салыштырып чыгууну сунуштайт.

Текшерүү керек болгон маалыматтар:

- Мүлк ээсинин салык төлөө идентификациялык номери (ИНН)
- Жарандардын аты-жөнү же юридикалык жактын аталышы
- Объекттердин аянты
- Кыймылсыз мүлктүн багыты
- Ээлик үлүшү
- Каттоо даталары жана башка көрсөтүлгөн параметрлер

Ведомствонун айтымында, салыктын автоматтык түрдө так эсептелишин камсыздайт.