> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# МинКаб электр энергиясынын жаңы тарифтерин коомдук талкууга чыгарды
- URL: https://im.kg/ekonomika/2025/12/10/minkab-eliektr-enierghiiasynyn-zhany-tariftierin-koomduk-talkuugha-chyghardy/
- Published: 2025-12-10T10:24:21.000Z
- Updated: 2025-12-10T10:24:21.000Z
- Author: Ишкер Media
- Tags: Экономика, Энергетика

**МинКаб 2025–2030-жылдарга карата электр энергиясына орто мөөнөттүү тарифтик саясатка өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча токтом долбоорун коомдук талкууга койду. Документ жарандар жана эксперттердин сунуштары менен пикирлерин билүү үчүн жарыяланды.**

Долбоорго ылайык, өкмөт убакыт боюнча дифференцияланган тарифтерди кеңири киргизүүнү сунуштап жатат. Мунун максаты — эл электр энергиясын көп колдонгон сааттарда энергия системасына жүктөмдү азайтуу, генерациялык кубаттуулукту натыйжалуу пайдалануу жана тартыштык шартында электр менен жабдуу ишенимдүүлүгүн камсыз кылуу.

**Негизги өзгөртүүлөр төмөнкүлөрдү камтыйт:**

– дифференцияланган тарифтер калкка эле эмес, электромобилдерди кубаттоо станцияларына, ошондой эле өнөр жай жана коммерциялык керектөөчүлөргө да жайылтылат;  
– калк үчүн төлөмдү эсептөө тартиби такталат: 700 кВт/сааттан ашкан керектөө белгиленген тариф боюнча кошумча төлөнөт;  
– сутканын ар түрдүү мезгилине карата тариф эсептөөгө колдонулуучу коэффициенттер төмөнкүдөй өзгөрөт:  
• 0,5 ордуна — 0,75,  
• 1,5 ордуна — 1,0.