> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Нарын облусунда 5 жылда 33 кайра иштетүүчү ишкана ачылат
- URL: https://im.kg/ekonomika/2025/12/10/naryn-oblusunda-5-zhylda-33-kaira-ishtietuuchu-ishkana-achylat/
- Published: 2025-12-10T07:11:44.000Z
- Updated: 2025-12-10T07:11:44.000Z
- Author: Ишкер Media
- Tags: Экономика, Бизнес

**Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги өлкө боюнча 385 кайра иштетүүчү ишкананы куруу ишин улантып жатат. 2030-жылга чейин айыл чарба продукциясын кайра иштетүү деңгээлин 25%га жеткирүүгө мүмкүндүк берет.**

Жалал-Абад облусундагы өсүмдүк жана мал чарбасы потенциалын анализдеп, эки соода-логистика борбору жана үч кайра иштетүүчү ишкана ачуу пландалууда. Ишканалар региондун климаттык жана географиялык өзгөчөлүктөрүн эске алып иштеп, айыл чарба продукциясын сактоону камсыздайт, жоготууларды азайтып, кайра иштетүүнү көбөйтөт. 

Ишканалар төмөнкү багыттарды камтыйт: буудай, жашылча-жемиш, сүт, эт, жүн, ошондой эле май жана мал азыгын өндүрүү.

**Облустун райондору боюнча пландар:**

- Ат-Башы — 10 кайра иштетүүчү ишкана;
- Нарын — 1 соода-логистикалык борбор, 6 кайра иштетүүчү ишкана;
- Ак-Талаа — 3 кайра иштетүүчү ишкана;
- Жумгал — 5 кайра иштетүүчү ишкана;
- Кочкор — 1 соода-логистикалык борбор, 7 кайра иштетүүчү ишкана.