> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# УКМК мамлекетке 1 млн 980 миң сом зыян келтирген адамдарды кармады
- URL: https://im.kg/ekonomika/2025/12/10/ukmk-mamliekietkie-1-mln-980-min-som-zyian-kieltirghien-adamdardy-karmady/
- Published: 2025-12-10T09:05:04.000Z
- Updated: 2025-12-10T09:05:04.000Z
- Author: Ишкер Media
- Tags: Экономика, Саясат

**УКМК Аманбаев айыл өкмөтүнүн башчысын жана жер адисин коррупция жана кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу боюнча кармады**

Мамлекеттик коопсуздук комитетинин маалымат кызматы маалымдагандай, Таластагы Аманбаев айыл өкмөтүнүн башчысы жана жер адиси коррупция жана кызмат абалын кыянаттык менен пайдаланууга шек саналып кармалды.

Тергөө маалыматына ылайык, 2024-жылы Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги республикалык бюджеттин эсебинен Бакайыр айылында тамчылатып сугаруу системасын жана 60 гектар аянтка суу бассейнин орнотуп берген.

Текшерүү учурунда, айыл өкмөтүнүн башчысы У.Б.А. жана жер адиси Б.С.А. бул жер тилкесин жеке кызыкчылыктары үчүн жакын туугандарына ижарага берип, мыйзамдарды бузганы аныкталган.

> Мамлекетке келтирилген зыян 1 миллион 579 миң 980 сомду түзүп, ал ири суммадагы зыян катары квалификацияланган.

Эки шектүү кармалып, Талас РИИБнин убактылуу кармоо жайына киргизилди.