> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Кыргызстандын эл аралык резервдери 8,2 миллиард доллардан ашты
- URL: https://im.kg/ekonomika/2025/12/11/kyrghyzstandyn-el-aralyk-rieziervdieri-8-2-milliard-dollardan-ashty/
- Published: 2025-12-11T03:42:20.000Z
- Updated: 2025-12-11T03:42:20.000Z
- Author: Ишкер Media
- Tags: Экономика, Кызыктуу

Кыргызстандын эл аралык валюта резервдери 8,2 миллиард доллардан ашканын Улуттук банк 2025-жылдын ноябрь айынын жыйынтыгы боюнча жарыялады.

Белгиленгендей, бир жыл ичинде резервдер 3,2 миллиард доллардан ашык өсүшкө жеткен.

> Ноябрь айынын аягында валюта резервдеринин көлөмү 8,269 миллиард долларды түздү. Ал эми октябрь айында — 7,955 миллиард доллар болгон. Өсүш 314,06 миллион долларды түздү.

Ошол эле мезгил ичинде резервдердин ликвиддүү бөлүгү 313,7 миллион долларга көбөйгөн.

---

*Кыргызстандын экономика, бизнес, финансы тармактары боюнча маалыматтарды, ийгиликтүү ишкерлер менен болгон кызыктуу маектерди – Ишкер MEDIA сайтынын* [*Telegram*](https://web.telegram.org/a/#-1001105941094)*,* [*Facebook*](https://www.facebook.com/ishker.m)*,* [*Instagram*](https://www.instagram.com/ishker%5Fmedia/)*,* [*Threads*](https://www.threads.com/@ishker%5Fmedia) *жана* [*Х*](https://x.com/ishker%5Fmedia)*каналдарынан окуп, көрүп туруңуздар. Ишкер MEDIA менен Сиз ийгиликке жетишесиз!*