> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Президент С.Жапаров салык мыйзамдарына өзгөртүү киргизүү жөнүндөгү мыйзамга кол койду. Кандай өзгөрүүлөр болот?
- URL: https://im.kg/ekonomika/2025/12/11/priezidient-s-zhaparov-salyk-myizamdaryna-ozghortuu-kirghizuu-zhonundoghu-myizamgha-kol-koidu-kandai-ozghoruulor-bolot/
- Published: 2025-12-11T05:20:56.000Z
- Updated: 2025-12-11T05:20:56.000Z
- Author: Ишкер Media
- Tags: Экономика, Саясат

**Президент Садыр Жапаров "Айрым экономикалык тармактарды колдоо чаралары жөнүндө" Жарлыкка жана аны коштогон салык мыйзамдарына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндөгү мыйзамга кол койду.**

Президент Кабинет министрине бир айлык мөөнөттүн ичинде бул мыйзам долбоорун Жогорку Кеңешке кароо үчүн алып чыгууну тапшырды.

Өзгөртүүлөр Салык кодексине киргизилип, сатуу салыгынан (сатуу салыгы — 1–2%) бошотуу кыйла кеңейтилди.

**Эмне өзгөрдү жана ким кандай утушка ээ болду?**

**364 (Сатуу салыгынан бошотуу)**

- ***Болчу:*** транспорт каражаттары жана аларга керектелүүчү тетиктер бошотулган эмес
- ***Болот:*** эми толугу менен бошотулат — Кыргыз Республикасында өндүрүлгөн жана/же чогултулган транспорт каражаттары жана комплекттер

**364, п.1**

- **Болчу*:* футбол үчүн салыктык бошотуу каралган эмес
- ***Болот:*** футбол тармагында иштеген уюмдар сатуу салыгынан бошотулат

**364, п.15**

- ***Болчу:*** бошотуу жок
- ***Болот:*** бажы кампасынын аймагында товарларды сатуу, иштерди аткаруу жана кызмат көрсөтүү сатуу салыгынан бошотулат

**381 (мүлк салыгын эсептөө тартиби)**

- ***Болчу:*** ижарага берилген бардык мүлк үчүн салыкты мүлк ээси өзү эсептеши керек болчу
- ***Болот:*** эми мүлк салыгын салык органы эсептейт — үч учурда:
  1. турак жай объектилери (үй, батир)
  2. жеке жактан жана жеке ишкерден (ЖИ) арендага алынган турак эмес имараттар
  3. айыл чарба багытындагы жер тилкелери

**384¹ (мүлк салыгы боюнча отчеттуулук)**

- ***Болчу:*** андай берене жок болчу
- ***Болот:*** жаңы берене — ижарачылар (жеке жак же ЖИ) 1-мартка чейин ижарага берилген объект жөнүндө маалыматты салыкка тапшырууга милдеттүү, болбосо — айып пул төлөтүлөт.

**422 (Сатуу салыгы боюнча салык базасы)**

- ***Болчу:*** башка ишмердүүлүктөн түшкөн кирешенин баары салыктан толук эсептелчү
- ***Болот:*** Кыргыз товардык биржасынын мүлкү менен операциялардан түшкөн киреше сатуу салыгынан бошотулат

**423 (Сатуу салыгы ставкалары)**

- ***Болчу:*** резидент эмес, КРден тышкары иш жүргүзгөн субъекттер үчүн — 1%
- ***Болот:*** ставка **0,1%га түшүрүлдү** (10 эсе төмөн!) — КР аймагынан тышкары иш жүргүзгөн субъекттер үчүн

## **Ким эң көп утушка ээ болот:**

- **Кыргызстандагы автоөндүрүүчүлөр жана чогултуучу ишканалар** — сатуу салыгынан толук бошотулат
- **Футбол клубдары жана футбол федерациясы**
- **Бажы кампалары**
- **Үй жана имарат ээлери (ижарага алгандар)** — эми мүлк салыгын салык кызматы өзү эсептейт
- **Биржа трейдерлери**
- **Кыргызстан менен иштеген чет өлкөлүк компаниялар** — Сатуу салыгы 1%дан 0,1%га төмөндөдү