> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Россиянын Кыргызстанга салган ивестициясы 75%га өстү
- URL: https://im.kg/ekonomika/2025/12/11/rossiianyn-kyrghyzstangha-salghan-iviestitsiiasy-75-gha-ostu/
- Published: 2025-12-11T13:13:10.000Z
- Updated: 2025-12-11T13:13:10.000Z
- Author: Ишкер Media
- Tags: Экономика, Саясат

**Россиянын Кыргызстанга инвестициясы 75 пайызга өскөнүн экономика жана коммерция министринин орун басары Искендер Асылкулов Кыргыз-Россия ишкер клубунун биринчи жыйынында билдирди.**

Ал белгилегендей, Кыргызстан менен Россия ортосундагы соода-экономикалык кызматташтык ЕАЭБ, КМШ, ШКУ келишимдеринин, эркин соода аймагы жөнүндөгү макулдашуулардын, ошондой эле КР Бүткүл дүйнөлүк соода уюмуна (БСУ/ВТО) кирген учурдан тартып, аталган уюмдун эрежелерине ылайык дискриминациясыз негизде өнүгүп жатат.

> "Россиянын Кыргызстанга инвестициялары өсүүдө, расмий маалыматтарга ылайык, акыркы мезгилде россиялык инвестициянын көлөмү 75%га көбөйүп, 280 млн доллардын тегерегин түздү. Мында долбоорлор энергетика, тоо-кен өнөр жайы, өнөр жай, ошондой эле электрондук соода тармактарында ишке ашырылууда", - деп баса белгиледи ал.

Министрдин орун басарынын айтымында, россиялык бизнес бүгүнкү күндө мамлекеттик жана жеке долбоорлорду ишке ашырууда ишенимдүү жана маанилүү өнөктөш болуп саналат.