> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Bloomberg басылмасына КРнын каржы жана экономикалык абалы тууралуу маалымат берилди
- URL: https://im.kg/ekonomika/2025/12/12/bloomberg-basylmasyna-krnyn-karzhy-zhana-ekonomikalyk-abaly-tuuraluu-maalymat-bierildi/
- Published: 2025-12-12T04:14:05.000Z
- Updated: 2025-12-12T04:14:46.000Z
- Author: Ишкер Media
- Tags: Экономика

**Финансы министрлиги биринчи жолу дүйнөлүк Bloomberg басылмасына маек берип, өлкөнүн каржы жана экономикалык саясатындагы негизги багыттары тууралуу маалымдады.**

Маекке Финансы министрлигинин Мамлекеттик карыз жана активдер башкармалыгынын башчысы **А.Абдыбапов** жана ОАО «Виртуалдык активдер эмитенти” ачык акционердик коомунун башкармалыгынын төрагасы - **Мамытов Бийболот** катышкан.

> *Министрлик белгилегендей, Кыргызстандын бекем фискалдык жана макроэкономикалык көрсөткүчтөрү өлкөгө биринчи жолу суверендүү еврооблигацияларды чыгарууга мүмкүндүк берген. Алар тарткан каражаттар инфраструктураны, энергетика секторун жана каржы тутумун күчөтүүгө багытталууда.*

Маектин өзгөчө бөлүгү дүйнөдөгү биринчи мамлекеттик **стейблкоин USDKG,** физикалык алтын менен камсыздалган долбоорго арналды. Бул долбоор трансчегаралык эсеп-кысаптарды өнүктүрүү, инвестициялык тартышты жогорулатуу жана өлкөнүн каржы башкарууну бекемдөө үчүн стратегикалык инструмент катары каралууда.

> *Ошондой эле мамлекеттик карыздын туруктуулугу жана бюджеттик саясаттын сабаттуулугу белгиленип, бул эл аралык өнөктөштөрдүн ишенимин сактоого жана кошумча инвестицияларды тартууга шарт түзөрү айтылды.*

Бул маек Bloomberg басылмасында **кийинки жумада** жарыяланышы күтүлөт.