> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Япония менен соода-экономикалык кызматташтык кеңейет
- URL: https://im.kg/ekonomika/2025/12/12/iaponiia-mienien-sooda-ekonomikalyk-kyzmattashtyk-kienieiiet/
- Published: 2025-12-12T05:00:00.000Z
- Updated: 2025-12-12T05:00:00.000Z
- Author: Айгерим Качкынбекова
- Tags: Экономика

**Экономика жана коммерция министри Бакыт Сыдыков Япониянын Кыргызстандагы жаңы дайындалган элчиси Хирано Рюичи менен жолугушту. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы билдирди.**

Жолугушууда министр Сыдыков элчини жаңы кызматы менен куттуктап, Япония Кыргызстан үчүн ишенимдүү өнөктөш экенин жана эки өлкө ортосунда достук мамиле үзгүлтүксүз бекемделип келе жатканын белгиледи.

> Тараптар соода-экономикалык кызматташтыктын учурдагы абалын талкуулап, инвесторлор үчүн шарттарды жакшыртуу, бизнес чөйрөнү өнүктүрүү жана келишимдик-укуктук базаны кеңейтүү маселелерин карашты. Ошондой эле эки тараптуу кызматташтыкты жаңы деңгээлге чыгаруу үчүн туруктуу механизм түзүүнүн мааниси белгиленди.

Жолугушууда министрлик JICA колдоосу менен ишке ашырып жаткан "Бир айыл — бир продукт" долбоорунун жүрүшү жана анын келечектеги багыттары да сөз болду.

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2025/12/--------.jpg)

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2025/12/--------1.jpg)

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2025/12/--------2.jpg)