> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# "Коопсуз шаар" боюнча чегерилген 250 миң сомдон ашык айып пулду өндүрүү  иши башталды.
- URL: https://im.kg/ekonomika/2025/12/12/koopsuz-shaar-boiuncha-chieghierilghien-250-min-somdon-ashyk-aiyp-puldu-onduruu-ishi-bashtaldy/
- Published: 2025-12-12T12:01:16.000Z
- Updated: 2025-12-12T12:01:16.000Z
- Author: Ишкер Media
- Tags: Экономика

**Учурда Сот аткаруучулар кызматынын аткаруусунда ЖКККББ кызматкерлери жана "Коопсуз шаар" системасы тарабынан чыгарылган 250 000 ашык административдик айып пул бар.**

 Буга байланыштуу республика боюнча мыйзамдуу күчүнө кирген сот актыларын жана башка аткаруу документтерин өз убагында жана толук аткарууну камсыз кылуу, мыйзамдуулукту жана укук тартибин чыңдоо аракети көрүлүүдө. 

> Сот аткаруу кызматынын маалыматына караганда, Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан, "Коопсуз шаар" системасынан, ошондой эле райондук жана шаардык ички иштер бөлүмдөрүнөн келип түшкөн протоколдор боюнча мамлекеттин пайдасына акча каражаттарын өз убагында өндүрүп алуу максатында активдүү иштер башталды.

 Аткаруу документтери боюнча өндүрүштү натыйжалуу жана өз убагында камсыз кылуу үчүн Башкы прокуратуранын алдындагы Сот аткаруучулар кызматы тарабынан ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын өкүлдөрү менен биргеликте мобилдик топтор уюштурулган. Алар административдик айып пулдар боюнча карыздарды аныктоо жана өндүрүү, ошондой эле мамлекеттин кирешесине конфискацияланган автотранспорт каражаттарын аныктоо жана кайрылуу боюнча чараларды көрүшөт.