> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Транспорт каражаттарын сатууда салыктык жеңилдиктер берилет
- URL: https://im.kg/ekonomika/2025/12/12/transport-karazhattaryn-satuuda-salyktyk-zhienildiktier-bieriliet/
- Published: 2025-12-12T05:15:25.000Z
- Updated: 2025-12-12T05:15:25.000Z
- Author: Ишкер Media
- Tags: Экономика

**Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров кол койгон «Экономиканын айрым тармактарын колдоо боюнча чаралар жөнүндө» Жарлыкка ылайык, автомототранспорт каражаттарын сатууда салыктык жеңилдиктер каралган.**

[Салык кызматынын маалыматына ](https://www.facebook.com/100068859504330/videos/pcb.1147988917506414/2317904772017407)ылайык, Жарлык төмөнкүлөрдү камтыйт:

> *– үч жылдык мөөнөткө жеке жана юридикалык жактарды автомототранспорт каражаттарын сатууда салыктарды төлөөдөн бошотуу;*

> *–жеке ишкерлер катары катталгандарды кошпогондо, жеке жактарды 2026-жылдын 1-январына чейинки мезгилде автомототранспорт каражаттарын сатууда алынган кирешелер боюнча салыктарды, анын ичинде туумдардын жана санкциялардын суммаларын төлөө боюнча милдеттенмелерди аткаруудан бошотуу;*

> *– Кыргыз Республикасынын ишканаларында чыгарылган жана/же чогултулган транспорт каражаттарын, ошондой эле алардын комплекттөөчүлөрүн саткан учурда сатуудан алынуучу салыкты төлөөдөн бошотуу.*

 Бул биздин өндүрүштү түздөн-түз колдоо болуп саналат.