> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Бишкекте каржы пирамидасы аныкталды
- URL: https://im.kg/ekonomika/2025/12/13/bishkiektie-karzhy-piramidasy-anyktaldy/
- Published: 2025-12-13T09:56:19.000Z
- Updated: 2025-12-13T09:56:19.000Z
- Author: Ишкер Media
- Tags: Экономика, Саясат

**Бишкек шаарында 157 жаран акча каражаттарын тартуу менен алектенген VML\_KG компаниясына байланыштуу арыз менен кайрылышты. Бул факты боюнча "Алдамчылык" беренеси менен кылмыш иши козголгонун борбор калаанын Ленин райондук ички иштер башкармалыгы билдирди.**

> Укук коргоо органдарынын маалыматына ылайык, компаниянын кеңсесине мөөр басылып, тергөө үчүн маанилүү болгон каржылык жана башка документтер алынган. Тергөө иштеринин алкагында компаниянын 67 жаштагы негиздөөчүсү шектүү катары убактылуу кармоочу жайга камакка алынды.

Милиция билдиргендей, учурда тергөө иш-чаралары улантылууда, иштин бардык жагдайлары жана компаниянын шериктери аныкталууда.

Ленин РИИБ жарандарды сак болууга жана "тез жана кепилденген киреше" тууралуу сунуштарга ишенбөөгө чакырды. Укук коргоо органдарынын айтымында, тобокелчиликсиз жогорку киреше убада кылуу — каржы пирамидаларынын негизги белгилеринин бири болуп саналат.