> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Кыргызстандын соода жүгүртүүсү 12,8 млрд долларга чейин кыскарып, экспорт дээрлик 40%га төмөндөдү
- URL: https://im.kg/ekonomika/2025/12/15/kyrghyzstandyn-sooda-zhughurtuusu-12-8-mlrd-dollargha-chieiin-kyskaryp-eksport-deerlik-40-gha-tomondodu/
- Published: 2025-12-15T10:28:20.000Z
- Updated: 2025-12-15T10:28:20.000Z
- Author: Ишкер Media
- Tags: Экономика, #Жаңылыктар

**2025-жылдын январь–октябрь айларында Кыргызстандын тышкы соодасынын көлөмү 12 миллиард 803,5 млн долларды түзүп, 2024-жылдын ушул эле мезгилине салыштырмалуу 9,6%га азайган. Ал эми январь–сентябрь айларынын жыйынтыгы боюнча төмөндөө 8,3%ды түзгөнун Улуттук статистика комитети билдирди.**

Маалыматка ылайык, тышкы сооданын кыскарышы экспорттун да, импорттун да азайышына байланыштуу болду. Тактап айтканда:

- Экспорт 38,2%га төмөндөп, 2 миллиард 409,3 млн долларды түздү;
- Импорт 0,3%га кыскарып, 10 миллиард 394,2 млн долларды түздү.

Кыргызстан мурдагыдай эле импортко көз каранды өлкө бойдон калып жатат. Өлкөгө сырттан кирген товарлар жалпы товар жүгүртүүнүн 81,2%ын түзөт.

### ЕАЭБ өлкөлөрү менен соода

Евразия экономикалык биримдигине (ЕАЭБ) мүчө өлкөлөр менен соодада абал салыштырмалуу жакшыраак. 2024-жылдын январь–октябрына салыштырмалуу соода көлөмү 1,1%га өскөн. Жалпысынан тогуз айдын ичинде Кыргызстан ЕАЭБ өлкөлөрү менен 4 миллиард 523,4 миллион долларлык соода жүргүзгөн.

Ошол эле учурда, экспорт дагы эле негизги көйгөй бойдон калууда. Ал 2024-жылга салыштырмалуу 36,1%га төмөндөп, болгону 933,1 миллион долларды түздү. Ал эми импорт, тескерисинче, 19,2%га өсүп, 3 миллиард 590,3 миллион долларга жеткен.

ЕАЭБ өлкөлөрүнүн ичинен Кыргызстандын соодасында Россия негизги орунду ээлеп, үлүшү 64,3%ды, ал эми Казакстан 33,2%ды түздү.

Жалпы Кыргызстандын товар жүгүртүүсүндө:

- ЕАЭБ өлкөлөрү менен соода — 35,3%,
- экспортто — 38,7%,
- импортто — 34,5% үлүшкө ээ болду.