> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Октябрда Кыргызстанга акча которуулардын жалпы көлөмү 340,5 млн долларды түздү
- URL: https://im.kg/ekonomika/2025/12/15/oktiabrda-kyrghyzstangha-akcha-kotoruulardyn-zhalpy-kolomu-340-5-mln-dollardy-tuzdu/
- Published: 2025-12-15T04:28:32.000Z
- Updated: 2025-12-15T04:28:32.000Z
- Author: Ишкер Media
- Tags: Экономика

**Үстүбүздөгү жылдын октябрь айында Кыргызстанга кирген акча которуулардын жалпы көлөмү 340,5 млн долларды түзгөн. Бул тууралуу Улуттук банктын маалымат кызматынан билдиришти.** 

Маалыматка ылайык, негизги агым КМШ өлкөлөрүнөн келген - 321,6 млн доллар. Ал эми алыскы чет өлкөлөрдөн 18,9 млн доллар которулган.

> Ал эми октябрдын аягына карата Кыргызстандан башка өлкөлөргө 32,5 млн доллар которулган. Анын 29,5 млн доллары КМШ өлкөлөрүнө, 3 млн доллары алыскы чет өлкөлөргө жөнөтүлгөн.

**Кыргызстандын экономика, бизнес, финансы тармактары боюнча маалыматтарды, ийгиликтүү ишкерлер менен болгон кызыктуу маектерди – Ишкер MEDIA сайтынын* [**Telegram*](https://web.telegram.org/a/#-1001105941094)**,* [**Facebook*](https://www.facebook.com/ishker.m)**,* [**Instagram*](https://www.instagram.com/ishker%5Fmedia/)**,* [**Threads*](https://www.threads.com/@ishker%5Fmedia) *жана* [**Х*](https://x.com/ishker%5Fmedia) *каналдарынан окуп, көрүп туруңуздар. Ишкер MEDIA менен Сиз ийгиликке жетишесиз!*