> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# 11 айда негизги капиталга 283 млрд сом инвестиция салынды
- URL: https://im.kg/ekonomika/2025/12/17/11-aida-nieghizghi-kapitalgha-283-mlrd-som-inviestitsiia-salyndy/
- Published: 2025-12-17T12:10:35.000Z
- Updated: 2025-12-17T12:10:34.000Z
- Author: Ишкер Media
- Tags: Экономика

**2025-жылдын январь-ноябрынын жыйынтыгы боюнча Кыргызстанда негизги капиталга инвестициялардын көлөмү 283,2 млрд сомду түзүп, өткөн жылга салыштырмалуу 18,1%га өстү. Бул тууралуу Экономика жана коммерция министрлигинен билдиришти.**

2025-жылдын 11 айында каржылоонун бардык булактарынан негизги капиталга инвестициялардын көлөмү 283,2 млрд сомду түзүп, 2024-жылдын тиешелүү мезгилине салыштырмалуу 18,1%га өстү. Өсүш каржылоонун ички булактарынан 18,2%, тышкы булактардан 17,5% менен камсыздалган.

> Инвестициялардын негизги бөлүгү (жалпы көлөмдүн 82,3%) пайдалуу кен казуу, транспорт жана логистика, энергетика, иштетүү өнөр жайы, билим берүү объектилери жана турак жай курулушуна багытталган.

Капиталга инвестициялардын өсүшүн төмөнкү факторлор менен байланыштырууга болот:

- "Менин үйүм" программасынын алкагында 4662 батирдин курулушу аяктады;
- Байланыш тармагын өнүктүрүүгө, анын ичинде MegaCom жана О! операторлору тарабынан жаңы базалык станциялар курулду (өсүш 19,2%);
- Билим берүү жана спорт объектилерин курууга инвестициялардын өсүшү (18,3%);
- Бишкек жана Ош шаарларында инфраструктураны өнүктүрүү;
- Туризм жана туристтик инфраструктурага инвестициялардын көбөйүшү.

> Ошол эле мезгилде курулуштун дүң продукциясынын көлөмү 318,9 млрд сомду түзүп, 29%га өстү. Курулуш секторунун ИДПга салымы 2,13 пайыздык пунктка бааланып, жалпы ИДП түзүмүндө курулуштун үлүшү 8,6%га жетти.

Бул көрсөткүчтөр экономиканы капиталдаштыруу жана инфраструктураны өнүктүрүү боюнча жүргүзүлгөн иштердин натыйжасын көргөзүүдө.