> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# 11 айда өнөр жай тармагында 686 млрд сомдук продукция өндүрүлдү
- URL: https://im.kg/ekonomika/2025/12/17/11-aida-onor-zhai-tarmaghynda-686-mlrd-somduk-produktsiia-onduruldu/
- Published: 2025-12-17T09:57:07.000Z
- Updated: 2025-12-17T09:57:06.000Z
- Author: Ишкер Media
- Tags: Экономика

**Үстүбүздөгү жылдын январь–ноябрь айларында өлкөнүн өнөр жай ишканалары тарабынан 686 млрд сомдук дүң продукция өндүрүлдү. Бул көрсөткүч 2024-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 10%га жогору болду. Бул тууралуу расмий статистикалык маалыматтарда айтылат. Бул тууралуу Экономика жана коммерция министрлигинен билдиришти.** 

Алтын кендерин иштетүүчү ишканаларды эсепке албаганда, өнөр жай өндүрүшүнүн көлөмү 19,6%га өстү. Өсүш негизинен фармацевтикалык продукциянын (1,9 эсеге), резина жана пластмасса буюмдарынын, курулуш материалдарынын (34,5%), жыгач жана кагаз өндүрүшүнүн (33,7%), тамак-аш жана тамеки продукцияларынын (27,8%), химиялык продукциялардын (21,5%) көбөйүшү менен камсыздалды.

Ошондой эле текстиль жана кийим-кече өндүрүшү 9,6%га, пайдалуу кендерди казуу көлөмү 15,3%га өскөн. Ошол эле учурда негизги металлдарды өндүрүү 1,5%га азайган.

> Электр энергиясын өндүрүү 8,1%га көбөйүп, энергетика тармагындагы өсүштү камсыз кылды. Суу менен жабдуу жана калдыктарды иштетүү тармагында өсүш сууну чогултуу жана бөлүштүрүүнүн 23,%га жогорулашы менен шартталды.

Өнөр жай тармагы ички дүң продукцияны түзүүдөгү салымын 1,7%дык пунктка жеткирди. ИДПнын түзүмүндө өнөр жайдын үлүшү 17,8%ды түздү.