> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# ИДПнын өсүшү 110%: Кыргызстан экономикасында туруктуулук сакталууда
- URL: https://im.kg/ekonomika/2025/12/17/idpnyn-osushu-110-kyrghyzstan-ekonomikasynda-turuktuuluk-saktaluuda/
- Published: 2025-12-17T08:42:14.000Z
- Updated: 2025-12-17T09:19:02.000Z
- Author: Ишкер Media
- Tags: Экономика

**Экономика жана коммерция министрлигинен билдиришкендей, 2025-жылдын башынан бери Кыргызстанда туруктуу экономикалык өсүш сакталууда.** 

Өлкөдөгү жогорку экономикалык активдүүлүк жеке каржылоонун, ошондой эле бюджеттик каражаттардын эсебинен негизги капиталга инвестициялардын өсүшү жана калктын кирешесинин жогорулашы менен камсыз кылынууда.

> Улуттук статистика комитетинин алдын ала эсептөөлөрү боюнча, 2025-жылдын январь-ноябрь айларында ички дүң продукциянын (ИДП) көлөмү 1 628,6 млрд сомду түзүп, реалдуу өсүү темпи 110,2 % болду (2024-жылдын январь-ноябрында – 109,7 %).

Экономиканын тармактары боюнча көрсөткүчтөр төмөндөгүдөй болду:

- Өнөр жайда өндүрүш 10,2 %га өстү.
- Тейлөө чөйрөсүндө өсүү 8,9 %га жетти.
- Курулуш тармагында 29,0 %га көбөйдү.
- Айыл чарбасында 2,0 % өсүш байкалууда.

> Экономикадагы бул тенденциялардын натыйжасында номиналдык ИДПнын түзүмүндө товарларды өндүргөн тармактардын үлүшү 35,3 %ды, ал эми кызмат көрсөтүү тармактарынын үлүшү 49,3 %ды түздү.

Министрликтин маалыматына караганда, туруктуу экономикалык өсүш өлкөнүн ички рыногун колдоого жана жашоо деңгээлин жакшыртууга мүмкүнчүлүк берүүдө.

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2025/12/--------------------------2025-12-17----15.17.55-1.png)