> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Инфляция 8,3%га жетти: негизги фактор азык-түлүк бааларынын өсүшү
- URL: https://im.kg/ekonomika/2025/12/18/infliatsiia-8-3-gha-zhietti-nieghizghi-faktor-azyk-tuluk-baalarynyn-osushu/
- Published: 2025-12-18T07:35:48.000Z
- Updated: 2025-12-18T07:35:48.000Z
- Author: Ишкер Media
- Tags: Экономика

**2025-жылдын ноябрында Кыргызстанда инфляция 8,3%га жетти. Бул көрсөткүч мурунку жылдын декабрына салыштырмалуу керектөө бааларынын индекси 108,3%га жеткенин билдирет. Орточо жылдык инфляция 108,1%га түзүлдү. Бул тууралуу Экономика жана коммерция министрлигинен билдиришти.** 

Баалардын өсүшүнө негизги салымды азык-түлүк товарлары кошту. Алардын баалары орточо 8,9%га жогорулап, жалпы инфляцияга 4,04%дык пункт менен таасир этти.

Негизги таасирлер төмөнкүлөр: 

> нан азыктары жана дан азыктары – 3,2%га өстү, эт – 14%га, мөмө-жемиштер жана жашылчалар – 15,1%га (мөмө-жемиштер 38,8%, жашылчалар 8,6%), майлар жана майлуу азыктар – 15,1%. 

Баалардын өсүшү ички сунуштун кыскарышы, импорттун баасынын жогорулашы, күйүүчү май жана электр энергиясынын кымбатташы, транспорттук жана сактоо чыгымдарынын жогорулашы менен байланыштуу.