> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Кызмат көрсөтүү тармагы экономикалык өсүштүн 49,3%ын түздү
- URL: https://im.kg/ekonomika/2025/12/18/kyzmat-korsotuu-choirosu-ekonomikalyk-osushtun-49-3-yn-tuzdu/
- Published: 2025-12-18T04:55:41.000Z
- Updated: 2025-12-18T05:48:59.000Z
- Author: Ишкер Media
- Tags: Экономика

**2025-жылдын январь-ноябрь айларынын жыйынтыгы боюнча кызмат көрсөтүү тармагы дүң продукциясынын көлөмү 1 236 млрд сомду түзүп, 2024-жылдын тиешелүү мезгилине салыштырмалуу 9,3%га өстү. Бул сектор ИДПнын өндүрүш структурасында 49,3% үлүшүн ээлеп, экономикалык өсүшкө эң чоң салым кошууну улантууда. Бул тууралуу Экономика жана коммерция министрлигинен билдиришти.** 

Калктын кирешелеринин өсүшү, керектөө насыяларынын көбөйүшү жана ички суроо-талаптын бекемделиши кызмат көрсөтүү чөйрөсүнүн жигердүү өнүгүүсүнө өбөлгө түздү. Натыйжада:

- Дүң жана чекене соода, ошондой эле автомобилдерди жана мотоциклдерди оңдоо 15,1%га өсүп, 429,2 млрд сомду түздү. Чекене соода көлөмү негизги өсүштү камсыздады (16,9%га).
- Транспорттук кызматтар жана жүктөрдү сактоо 10,0%га өсүп, 112,7 млрд сомду түздү. Бардык түрдөгү транспорт менен 54,4 млн тонна жүк (11,9%га өсүү) жана 603,5 млн жүргүнчү (4,1%га өсүү)ташылды.
- Мекемелер жана ресторандар көрсөтгөн кызматтар 15,9%га өсүп, 57,5 млрд сомду түздү.
- Маалымат жана байланыш кызматтарынын дүң көлөмү 56,7 млрд сомду түзүп, 106,1% өсүш болду.

> Сектордун ИДПга кошкон салымы 4,56%дык пункт деңгээлинде бааланып, экономиканын туруктуу өсүшүнө олуттуу салым кошууда.

Кызмат көрсөтүү чөйрөсүнүн жигердүү өсүшү жана ички суроо-талаптын бекемделиши экономикалык туруктуулукту колдоого багытталган маанилүү фактор болуп эсептелет.