> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# QR код аркылуу эки айда 1млрд 330млн сом бажы төлөмдөрү төлөндү
- URL: https://im.kg/ekonomika/2025/12/20/qr-kod-arkyluu-eki-aida-1mlrd-330mln-som-bazhy-tolomdoru-tolondu/
- Published: 2025-12-20T02:37:11.000Z
- Updated: 2025-12-20T02:37:11.000Z
- Author: Ишкер Media
- Tags: Экономика

**2025-жылдын октябрь айынын соңунда КРнын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик бажы кызматы QR код аркылуу бажы төлөмдөрүн ишке ашырууну жолго салган.**

Анын максаты, тышкы экономикалык ишмердүүлүктүн катышуучулары банк кассасына көз каранды болбостон, каалаган убагында бажы төлөмдөрүн төлөө мүмкүнчүлүгүнө ээ кылуу болгон.

Ага ылайык, акыркы 2 айдын ичинде (октябрдын аягы) QR код аркылуу **1 миллиард 330 миллион сом** суммадагы бажы төлөмдөрү төлөндү.

> Бажы кызматынын маалыматына караганда, бул иш «Элдик Банк» ААК менен биргеликте ишке ашырылган. Анын негизинде бул санариптик чечим **кезек күтүүсү жок,** тариздөө процессин тездетип жана тышкы экономикалык ишмердүүлүктүн катышуучуларынын убактысын үнөмдөөгө мүмкүндүк берүүдө.