> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# 180 миң доллар пара менен ИИМ кызматкери жана анын шериги кармалды
- URL: https://im.kg/ekonomika/2025/12/22/180-min-dollar-para-mienien-iim-kyzmatkieri-zhana-anyn-shierighi-karmaldy/
- Published: 2025-12-22T10:21:06.000Z
- Updated: 2025-12-22T10:21:06.000Z
- Author: Ишкер Media
- Tags: Экономика, #Жаңылыктар

**Бишкекте 90 миң доллар пара алган 2 адам кармалганын жана алардын бири ИИМ кызматкери экенин УКМК "Кабар" агенттигине билдирген.**

14-декабрда Кыргызстандын укук коргоо системасындагы коррупцияны жоюу боюнча көрүлүп жаткан иш-чаралардын натыйжасында атайын кызмат тарабынан 90 миң доллар накталай акча алып жаткан жеринен Кыргызстандын жараны Ж.К.Т. кармалган. 

> Ал өзүнүн кылмыштуу шериги ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын кызматкери М.А.Ж. менен биргеликте кылмыштын квалификациясын өзгөртүүгө көмөктөшүү шылтоосу менен 180 миң доллар акча талап кылышкан.

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2025/12/WhatsApp_Image_nCi4jZ5.max-2560x1440.format-webp.jpegquality-90.webp)

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2025/12/WhatsApp_Image_dUpS0nW.max-2560x1440.format-webp.jpegquality-90.webp)

Мындан тышкары, Ж.К.Т. аттуу жаранга таандык унааны тинтүү учурунда жалпы салмагы 105 грамм болгон баңгизат табылган.

Жогорудагы адамдар УКМКнын тергөө абагына камакка алынды. Бул кылмышты жасоого тиешеси бар башка адамдарды аныктоо боюнча кошумча тергөө жана ыкчам иш-чаралар жүргүзүлүүдө.