> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Балыкчыда өсүмдүктөр лабораториясын курууга 350 миң доллар бөлүнөт
- URL: https://im.kg/ekonomika/2025/12/22/balykchyda-osumduktor-laboratoriiasyn-kuruugha-350-min-dollar-bolunot/
- Published: 2025-12-22T07:36:53.000Z
- Updated: 2025-12-22T07:36:53.000Z
- Author: Ишкер Media
- Tags: Экономика, #Жаңылыктар

**Балыкчыда өсүмдүктөрдүн карантини боюнча лаборатория курулуп жатканын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, курулуш Ислам Өнүктүрүү банкы тарабынан каржыланат.**

Лабораториянын курулушуна, лабораториялык жабдуулар, оргтехника жана эмеректерге жалпы суммасы 350 миң доллар каралган. 

> Бүгүн Өсүмдүктөрдү химиялаштыруу, коргоо жана карантин департаменти менен Юнихелп компаниясынын ортосунда лабораториялык жабдууларды жана эмеректерди алуу үчүн 14 млн 170 миң 121 сомдук келишимге кол коюлду.

Лабораториянын курулушу Ысык-Көл жана Нарын облустарында фитосанитардык коопсуздукту камсыз кылуу үчүн зарыл кадам болуп саналат.