> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Финансы министрлиги жыл жыйынтыгы менен Турукташтыруу фондуна 89,1 млрд сом которот
- URL: https://im.kg/ekonomika/2025/12/22/finansy-ministrlighi-zhyl-zhyiyntyghy-mienien-turuktashtyruu-fonduna-89-1-mlrd-som-kotorot/
- Published: 2025-12-22T03:59:45.000Z
- Updated: 2025-12-22T03:59:45.000Z
- Author: Ишкер Media
- Tags: Экономика, Саясат

**Финансы министрлиги 2025-жылдын жыйынтыгы боюнча Турукташтыруу фондуна 89,1 млрд сом которууну пландап жатат (Улуттук банктын расмий курсу боюнча 1 млрд доллардан ашык). Такталган баа 2025-жылга республикалык бюджетке өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча мыйзам долбооруна тиркелген түшүндүрмө катта келтирилген.**

Мыйзам долбооруна тиркелген 2-тиркемеге ылайык, бул каражаттар экономикалык классификация боюнча республикалык бюджеттин чыгашалары катары эсепке алынат. Баштапкы бекитилген трансферттин көлөмү 10 млрд сомду түзгөн. Финансы министрлигинин маалыматына ылайык, фонддун каражаттары социалдык-экономикалык өнүгүүнү камсыздоого багытталат.

> Турукташтыруу фонду 2022-жылдын март айында түзүлгөн жана андан бери 2025-жылга карата Финансы министрлигинин жаңыртылган баасын эске алганда республикалык бюджеттен фондго которулган каражаттардын жалпы көлөмү 110 млрд сомго жеткен.

> Ал эми 2026-жылы Финансы министрлиги республикалык бюджеттин долбооруна ылайык, бул фондго 50 млрд сом которууну пландап жатат.