> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# ЕӨБ: Кыргызстандын ИДӨсү 2026-жылы 9,3% деңгээлинде болот
- URL: https://im.kg/ekonomika/2025/12/22/ieob-kyrghyzstandyn-idosu-2026-zhyly-9-3-diengheelindie-bolot/
- Published: 2025-12-22T05:29:45.000Z
- Updated: 2025-12-22T05:29:45.000Z
- Author: Ишкер Media
- Tags: Экономика, #Жаңылыктар

**2025-жылдын январь–ноябрь айларында Кыргызстандын ички дүң өнүмү (ИДӨ) өткөн жылдын ушул эле мезгилине салыштырмалуу 10,2%га өскөнү Евразия өнүктүрүү банкынын (ЕӨБ) материалдарында айтылат.**

ЕӨБдүн маалыматына ылайык, Кыргызстанда күчтүү инвестициялык жана керектөөчү суроо-талап экономиканын өсүшүнүн негизги таянычы бойдон калган.

> "Негизги капиталга инвестициялар жылдык эсеп менен 18,1%га, ал эми чекене соода 9,5%га өстү. Инвестициялык активдүүлүк кийинки жылы да экономиканын негизги кыймылдаткыч күчү катары сакталат деп эсептейбиз. Ушуга байланыштуу 2026-жылы ИДӨнүн өсүшү 9,3% деңгээлинде болот деп болжолдойбуз", — деп айтылат ЕӨБдүн баяндамасында.