> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Россия ноябрда Кытайга 1 млрд долларга жакын алтын саткан
- URL: https://im.kg/ekonomika/2025/12/22/rossiia-noiabrda-kytaigha-1-mlrd-dollargha-zhakyn-altyn-satkan/
- Published: 2025-12-22T04:23:49.000Z
- Updated: 2025-12-22T04:23:49.000Z
- Author: Ишкер Media
- Tags: Экономика, Кызыктуу

**Ноябрь айында Россия Кытайга дээрлик 1 млрд долларлык алтын экспорттогонун Кытай бажысынын маалыматына таянып, "Известия" басылмасы жазды.**

Ага ылайык, өткөн айда Россия Кытайга 961 млн долларлык рекорддук көлөмдөгү алтынды саткан, бул эки тараптуу соодадагы эң жогорку көрсөткүч экени айтылды.

Россиядан Кытайга мындай ири көлөмдөгү жүк ташуулар октябрь айынан бери катталып келет, анда Кытайга 930 млн долларлык жүк сатылган.

2024-жылдын ушул эле мезгилинде алтын чыгарылган эмес, ал эми өткөн жылдагы жүк ташуулардын эң жогорку көрсөткүчү 223 млн долларды түзгөн.

---

*Кыргызстандын экономика, бизнес, финансы тармактары боюнча маалыматтарды, ийгиликтүү ишкерлер менен болгон кызыктуу маектерди – Ишкер MEDIA сайтынын* [*Telegram*](https://web.telegram.org/a/#-1001105941094)*,* [*Facebook*](https://www.facebook.com/ishker.m)*,* [*Instagram*](https://www.instagram.com/ishker%5Fmedia/)*,* [*Threads*](https://www.threads.com/@ishker%5Fmedia) *жана* [*Х*](https://x.com/ishker%5Fmedia)*каналдарынан окуп, көрүп туруңуздар. Ишкер MEDIA менен Сиз ийгиликке жетишесиз!*