> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Кыргызстан менен Өзбекстандын соода жүгүртүүсү 11 айда 903,7 млн долларга жетти
- URL: https://im.kg/ekonomika/2025/12/23/kyrghyzstan-mienien-ozbiekstandyn-sooda-zhughurtuusu-11-aida-903-7-mln-dollargha-zhietti/
- Published: 2025-12-23T13:51:56.000Z
- Updated: 2025-12-23T13:51:55.000Z
- Author: Ишкер Media
- Tags: Экономика

**Үстүбүздөгү жылдын январь-ноябрь айларында Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы тышкы соода жүгүртүүсү 903,7 миллион долларды түздү.** 

Статистика комитетинин маалыматына ылайык, бул көрсөткүч өткөн жылдын ушул мезгилинде 737,2 миллион долларды түзгөн. 

> Жылдын өткөн мезгилинде Өзбекстандын тышкы соода жүгүртүүсүнүн жалпы көлөмү 72,8 миллиард долларды түзүп, 2024-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 13 018,4 миллион долларга же 21,8%га өскөн. 

Тышкы соода жүгүртүүнүн жалпы көлөмүнөн экспорт 30 894,8 миллион долларды, ал эми импорт 41 885,4 миллион долларды түзгөн. Натыйжада, терс сальдо 10 990,6 миллион долларды түзгөн. 

> Өзбекстан 210 өлкө менен соода жүргүзүп келет. Тышкы соода жүгүртүүнүн эң чоң көлөмү Кытай (20,1%), Россия (16,2%), Казакстан (6,0%), Түркия (3,7%) жана Корея Республикасы (2,2%) менен катталган.