> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Саламаттык сактоо тармагына 23 миңге жакын адис жетишпейт
- URL: https://im.kg/ekonomika/2025/12/23/salamattyk-saktoo-tarmaghyna-23-minghie-zhakyn-adis-zhietishpieit/
- Published: 2025-12-23T11:24:04.000Z
- Updated: 2025-12-23T11:24:04.000Z
- Author: Ишкер Media
- Tags: Экономика, Коом

**Саламаттык сактоо тармагында 6,5 миң дарыгер жана 8,5 миң медайым жетишпей жатканын Жогорку Кеңештин эмгек, саламаттык сактоо, аялдар иштери жана социалдык маселелер боюнча комитетинин жыйынында саламаттык сактоо министринин милдетин аткаруучу Каныбек Досмамбетов билдирди.**

Мындан тышкары, 3,5 миң медайым жана болжол менен 2 миң техникалык кызматкер тартыш экени белгиленди.

Досмамбетов кадрлардын жетишсиздиги саламаттык сактоо системасында каржылоодон кийинки эле экинчи ири көйгөй болуп саналганын айтты.

"Жалпысынан алганда 23 миңге жакын адис жетишпейт — бул абдан кооптуу көрсөткүчтөр, муну моюнга алышыбыз керек. Негизги чечим — эмгек акыны жогорулатуу. 2026-жылдын 1-апрелинен тартып айлык акыны 50%га көтөрүү пландалып жатат", — деди ал.

Ошондой эле ал эмгек акы олуттуу жогоруласа, Саламаттык сактоо министрлиги дарыгерлерди ишке тартууга ишенимдүү шарт түзө аларын баса белгиледи.