> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Салык төлөөчүлөрдүн 26%ы гана Бирдиктүү салык режимине өткөн
- URL: https://im.kg/ekonomika/2025/12/23/salyk-toloochulordun-26-y-ghana-birdiktuu-salyk-riezhiminie-otkon/
- Published: 2025-12-23T14:15:06.000Z
- Updated: 2025-12-23T14:15:05.000Z
- Author: Ишкер Media
- Tags: Экономика, Саясат

**Жогорку Кеңештин алты комитетинин биргелешкен жыйынында Экономика жана коммерция министринин орун басары Искендер Асылкулов Бирдиктүү салыкка өтүү ыктыярдуу экенин, ар бир уюм өзүнө эң ыңгайлуу салык режимин өзү тандай турганын билдирди.**

Анын айтымында, экспорт менен алектенген компаниялар жалпы салык режиминде калууну артык көрүшөт.

Ошондой эле Асылкулов экономиканын айрым тармактары этап-этабы менен Бирдиктүү салыкка өтүп жатканын белгиледи.

Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы Алмамбет Шыкмаматов учурда салык төлөөчүлөрдүн болгону 25–26 пайызы гана Бирдиктүү салык режимине өткөнүн кошумчалады.

"Бул режим абдан пайдалуу болгонуна карабастан, көпчүлүк дагы эле кооптонуп келишет", — деди ал.