> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Улуттук банк сегизинчи валюталык интервенцияны жасады
- URL: https://im.kg/ekonomika/2025/12/23/uluttuk-bank-2025-zhyly-sieghizinchi-iriet-valiuta-intiervientsiiasy-mienien-rynokko-chykty/
- Published: 2025-12-23T03:47:56.000Z
- Updated: 2025-12-23T03:58:11.000Z
- Author: Ишкер Media
- Tags: Экономика

**22-декабрда Улуттук банкы быйылкы жылдын эсеби менен сегизинчи ирет валюта интервенциясы менен рынокко чыкканын КРУБ басма сөз кызматынан кабарлашты.**

> Билдирүүгө караганда, бул жолу Улуттук банк банктар аралык рынокто 179,5 млн АКШ долларын саткан. Белгилей кетсек, 8 интервенциянын бардыгы Улуттук банк тарабынан АКШ валютасын сатуу боюнча жүргүзүлгөн жана алардын эң ири сатуусу акыркы интервенция болуп эсептелет.

Бул жолу Улуттук банк рыноктун катышуучуларынын суроо-талабынын жогорулашына жооп берип, чет өлкөлүк валютаны сатуучу катары гана иш алып барды. Жалпысынан сегиз интервенция менен 853 миллион доллар сатты.

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2025/12/8a285f90-5dc7-48d8-b48e-d4d48a448be0.png)