> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# 11 айда салык жана камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча бюджетке 20 млрд 996,1 млн сом түштү
- URL: https://im.kg/ekonomika/2025/12/24/11-aida-salyk-zhana-kamsyzdandyruu-toghumdoru-boiuncha-biudzhietkie-20-mlrd-996-1-mln-som-tushtu/
- Published: 2025-12-24T03:44:46.000Z
- Updated: 2025-12-24T03:44:46.000Z
- Author: Ишкер Media
- Tags: Экономика

**Мамлекеттик салык кызматы 2025-жылдын 11 айында салыктык жана камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча карыздарды кыскартуу багытындагы иштердин алкагында бюджетке 20 млрд 996,1 млн сом түшүүлөрдү камсыз кылды.**

> Бул тууралуу МСКнын басма сөз кызматынын өкүлү [**Айнура Эргешова**](https://www.instagram.com/reels/DSmc5s7jYRU/) билдирди. Маалыматка караганда, карыздарды өндүрүү боюнча көрсөткүчтөрдү жакшыртуу салык карыздары менен системалуу иштөөнүн жана аналитикалык ишти күчөтүүнүн натыйжасында жетишилди.

Мындан тышкары, КРнын 2025-жылдын 31-июлундагы Мыйзамына ылайык, **97 миң 169 субъекттин** салыктык карызы эсептен чыгарылды.

Ошондой эле, салыктарды жана камсыздандыруу төгүмдөрүн **онлайн-төлөө,** башка мамлекеттик органдардын маалымат базалары менен салыктык маалымат системасын интеграциялоо, салык төлөөчүнүн кабинети аркылуу онлайн билдирүү, жарандарга салык карызы бар экендиги тууралуу СМС-билдирүү жөнөтүү системасы сыяктуу **санариптик куралдарды жана онлайн-кызматтарды** киргизүү да олуттуу салым кошту.