> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Борбордук Азия – АКШ: Бишкекте B5+1 форуму өтөт
- URL: https://im.kg/ekonomika/2025/12/24/borborduk-aziia-aksh-bishkiektie-b5-1-forumu-uiushturulat/
- Published: 2025-12-24T13:22:20.000Z
- Updated: 2025-12-24T13:22:19.000Z
- Author: Ишкер Media
- Tags: Экономика

**2026-жылдын 4-5-февралында Бишкек шаарында B5+1 форуму (Бизнес Борбордук Азия – Америка Кошмо Штаттары) өткөрүлөт. Бул тууралуу Экономика жана коммерция министрлигинен билдиришти.** 

Форум Министрлер Кабинети жана эл аралык жеке ишкердик борбору (CIPE) менен биргеликте уюштурулуп, Борбордук Азия өлкөлөрү менен АКШнын ортосундагы аймактык бизнес-диалогду өнүктүрүүгө багытталган.

> Иш-чарага жеке сектордун, бизнес-ассоциациялардын жана эксперттик коомчулуктун өкүлдөрү чакырылат.

Катталуунун биринчи этабы 2025-жылдын 26-декабрында, акыркы этабы 2026-жылдын 15-январында аяктайт. Катталуу катышууну дароо тастыктабайт; расмий тастыктоолор арыздар каралып бүткөндөн кийин январь айынын аягына чейин жөнөтүлөт.