> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Кыргыз токендери бүгүн Binance криптовалюта биржасында сатыла баштайт
- URL: https://im.kg/ekonomika/2025/12/24/kyrghyz-tokiendieri-bughun-binance-kriptovaliuta-birzhasynda-satylat/
- Published: 2025-12-24T03:19:38.000Z
- Updated: 2025-12-24T03:26:07.000Z
- Author: Ишкер Media
- Tags: Экономика, Бизнес

**Эң ири криптовалюта биржасы Binance өзүнүн спот платформасында жеткиликтүү соода инструменттеринин тизмесин кеңейтүү планын жарыялаганы анын расмий сайтындагы маалыматта айтылат.**

Компаниянын билдирүүсүнө ылайык, жаңы KGST/USDT жубу үчүн соода 2025-жылдын 24-декабрында саат 8:00дө башталат.

> Белгилей кетсек, KGST – Кыргызстандын улуттук стейблкоини, кыргыз сомуна 1:1 катышында байланган. Буга чейин токендерди криптовалюта аянттарында жайгаштыруу үчүн тесттик операциялар жүргүзүлгөн болчу. KGST стейблкоининин корлору(запастары) өлкөнүн мамлекеттик банктарында сакталып турат.

Колдонуучулар сооданы баштоого даярдануу үчүн KGST токенин Binance эсептерине сала алышат. Биржадан KGST акчасын алуу 2025-жылдын 25-декабрында болжол менен саат 8:00дө (UTC) күтүлүп жатат.

Кошумчалай кетсек, KGST стейблкоини санариптик экономиканы өнүктүрүү боюнча улуттук программанын алкагында ишке киргизилген. Ал BNB Chain блокчейнинде иштейт. Бул эсептешүүлөрдү жана санариптик активдерди Кыргызстандын жана аймактын каржы системасына интеграциялоону жөнөкөйлөштүрүү үчүн иштелип чыккан.