> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# А.Касымалиев: Бажы кызматы 2021-жылы 46,8 млрд сом чогултса, быйыл 150,2 млрд сом киреше тапты
- URL: https://im.kg/ekonomika/2025/12/25/a-kasymaliiev-bazhy-kyzmaty-2021-zhyly-46-8-mlrd-som-choghultsa-byiyl-150-2-mlrd-som-kirieshie-tapty/
- Published: 2025-12-25T07:11:59.000Z
- Updated: 2025-12-25T07:18:23.000Z
- Author: Ишкер Media
- Tags: Экономика

**Элдик курултайдын жүрүшүндө КРнын министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев сөз сүйлөп, өкмөттүн акыркы 5 жыл аралыгында кылган иштери тууралуу билдирүү жасады.**

Анын айтымында **дүйнөлүк тренддер** келечек эмес реалдуу чындыкка айланды. Импорт-экспорт азайганы менен адам факторунан алыстаткан санариптик башкаруулар мамлекеттик бажы кызматынан түшкөн кирешелерди **3 жылда 3 эсеге жогорулатты**.

> *“Бажы кызматы *2021-жылы* төгүмдөрү *46,8 млрд сом* чогултса, *быйыл* мамлекетке *150,2 млрд сом киреше* алып келди. Эгерде санариптик чечимдер жана саясий эрк болбогондо бул тармакта далай көмүскө миллионерлер жаралмак*”- деп билдирди, министрлер кабинетинин башчысы. 

Мындан сырткары Адылбек Касымалиев Кыргызстандын калкынын казынасы толуп, инфраструктурасы өнүгүп, социалдык курулуштар күч алып курулуп жаткандыгын билегиледи. Анын айтымында быйыл жалпы **296 социалдык объект 119 ишкана** ишке киргизилип жатат. Анын ичинен **27 өндүрүш жана 67 социалдык обьект** президенттин уруксаты менен Курултайдын жүрүшүндө **онлайн негизде ачылды**.

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2025/12/---------------------------60--1.png)