> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Экологияга 7,1 млн сом зыян келтирген ишканаларга кылмыш иши козголду
- URL: https://im.kg/ekonomika/2025/12/25/ekologhiiagha-7-1-mln-som-zyian-kieltirghien-ishkanalargha-kylmysh-ishi-kozgholdu/
- Published: 2025-12-25T06:46:52.000Z
- Updated: 2025-12-25T06:46:52.000Z
- Author: Ишкер Media
- Tags: Экономика, #Жаңылыктар

**Аламүдүн районунда экологиялык мыйзам бузуулар боюнча кылмыш иши козголгонун Башкы прокуратурадан билдиришти.**

Аламүдүн райондук прокуратурасы тарабынан Кара-Жыгач айылындагы төрт "С", "АКП", "ЖКД" жана "АП" ЖЧКлары кум-шагыл жууган кир сууларды тазалабастан жерге агызып, жаратылышты булгап, айлана чөйрөгө зыяны тийип жаткандыгы аныкталган. 

Жаратылыш ресурстары министрлигинин Бишкек шаары жана Аламүдүн району боюнча регионалдык башкармалыгынын маалыматына ылайык, кир сууну агызуу учурунда айлана чөйрөгө келтирилген зыяндардын эсеби такталып, жалпы 7,1 млн сомду түзгөн. 

Аталган факты боюнча прокуратура тарабынан "Иштерди жүргүзүүдө айлана-чөйрөнү коргоо эрежелерин бузуу" беренеси менен кылмыш иши козголуп, учурда тергөө амалдары жүргүзүлүп жатат.