> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Кадамжайдан келген делегат районду өнүктүрүү боюнча жакшы сунуштарды айтты
- URL: https://im.kg/ekonomika/2025/12/25/kadamzhaidan-kielghien-dielieghat-raiondu-onukturuu-boiuncha-zhakshy-sunushtardy-aitty/
- Published: 2025-12-25T08:25:24.000Z
- Updated: 2025-12-25T08:25:24.000Z
- Author: Ишкер Media
- Tags: Экономика, #Пикир

**Баткен облусунун Кадамжай районунан келген делегат Жаркынали Абдирамитов IV Элдик курултайда райондун социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө байланыштуу бир катар демилгелерди тизмектеп берди**

***Тактап айтканда, ал ирригация тармагында активдүү иштер жүрүп жатканын белгилеп, төмөнкү сунуштарды берди:***

- Майдан жана Абсамат Масалиев айыл аймактарындагы 4 миң гектар айыл чарба жерлерин сугат суу менен камсыз кылуу үчүн Исмат Какыр айылында жана башка аймактарда канал курууга каражат бөлүү;
- 1985-жылы башталган Боз-Кара–Кыштак каналынын курулушун аяктоону 2026-жылга карата иш планга киргизүү;
- Майдан жана Көк-Талаа айылдарында ашыкча суу ресурстарын натыйжалуу пайдалануу максатында суу топтоочу курулмаларды куруу.

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2025/12/3673126.f4e56a7398d8e2e575a101055eed1cde.jpg)

***Мындан тышкары, делегат төмөнкү сунуштарды да билдирди:***

- Абсамат Масалиев айыл аймагын жогорку басымдагы магистралдык газ кууру аркылуу газ менен камсыз кылуу;
- Сурматаш мамлекеттик коругунун макамын мамлекеттик паркка өзгөртүү менен мал жаюуга уруксат берүү жана жергиликтүү калктын социалдык-экономикалык абалын жакшыртуу;
- Мөмө-жемиштердин түшүмүн өз убагында пайдалануу үчүн кайра иштетүүчү ишкананын курулушун колдоо;
- Узундугу 117 чакырымды түзгөн Үч-Коргон – Дароот-Коргон автоунаа жолунун курулушун аяктоо. Анын ичинен 67 чакырымы Кадамжай районунун аймагынан өтөт. Бул Баткен облусунун аймактары менен Чоң-Алай өрөөнүнүн ортосунда экономикалык жана социалдык байланыштарды өнүктүрүүгө шарт түзөт.