> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Кыргызстан менен Азербайжан экономикалык кызматташтыкты өнүктүрүүнү талкуулады
- URL: https://im.kg/ekonomika/2025/12/25/kyrghyzstan-mienien-azierbaizhan-ekonomikalyk-kyzmattashtykty-onukturuunu-talkuulady/
- Published: 2025-12-25T04:54:26.000Z
- Updated: 2025-12-25T04:54:26.000Z
- Author: Ишкер Media
- Tags: Экономика

**Кечээ экономика жана коммерция министринин орун басары Медер Туманов Азербайжандын Борбор Азия өлкөлөрү боюнча соода өкүлү Самед Гасанов менен жолугушту.**

Ведомствонун маалыматына ылайык, жолугушуунун жүрүшүндө 8-декабрда Бакуда өткөн Кыргызстан менен Азербайжандын ортосундагы экономикалык жана гуманитардык кызматташтык боюнча Өкмөттөр аралык комиссиянын 6-жыйынынын жыйынтыктары талкууланды.

> Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында тараптар эки тараптуу кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүүнүн кийинки кадамдарын аныкташты. Атап айтканда, товар жүгүртүүнү көбөйтүү, өнөр жай кооперациясын кеңейтүү жана Азербайжан-Кыргызстан өнүктүрүү фондунун ишмердүүлүгүн активдештирүү маселелери каралды.