> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# "Торугарт" көзөмөл пунктунан  21,8 тонна Пакистан уй эти өлкөгө киргизилген жок
- URL: https://im.kg/ekonomika/2025/12/25/torughart-kozomol-punktunan-21-8-tonna-pakistan-ui-eti-olkogho-kirghizilghien-zhok/
- Published: 2025-12-25T08:53:07.000Z
- Updated: 2025-12-25T08:53:07.000Z
- Author: Ишкер Media
- Tags: Экономика, #Жаңылыктар

**Нарын облусундагы "Торугарт" чек ара ветеринардык көзөмөл пунктунда Пакистандан Кытай аркылуу ташылып келе жаткан 21 миң 800 килограмм уй эти Кыргызстан аймагына киргизилбегенин Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги маалымдады.**

Маалыматка ылайык, жүк чек ара ветеринардык көзөмөл инспекторлору тарабынан текшерилген. Кароо учурунда Евразия экономикалык биримдигинин ветеринардык-санитардык талаптары сакталбаганы аныкталган. 

Тактап айтканда, коштоочу ветеринардык документтер белгиленген талаптарга жооп берген эмес, ошондой эле этти ташууда ветеринардык-санитардык нормалар бузулган.

Текшерүүнүн жыйынтыгында инспекторлор тиешелүү кайтаруу актыларын түзүшкөн. Жүк "Торугарт" өткөрмө пункту аркылуу кайра артка жөнөтүлдү.