> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Бишкекте соода процедураларын жөнөкөйлөтүү боюнча 14-жыйын өттү
- URL: https://im.kg/ekonomika/2025/12/26/bishkiektie-sooda-protsieduralaryn-zhonokoilotuu-boiuncha-14-zhyiyn-ottu/
- Published: 2025-12-26T06:05:19.000Z
- Updated: 2025-12-26T06:05:18.000Z
- Author: Ишкер Media
- Tags: Экономика

**Бишкек шаарында мамлекеттик органдардын, бизнес коомчулуктун жана эл аралык өнөктөштөрдүн өкүлдөрүн бириктирген Соода процедураларын жөнөкөйлөтүү боюнча кеңештин (СПЖК) 14-жыйыны болуп өттү. Бул тууралуу Экономика жана коммерция министрлигинен билдиришти.** 

Жыйындын алкагында 2025-жыл үчүн СПЖКнын 2025–2027-жылдарга карата планынын ишке ашырылышынын жыйынтыктары чыгарылып, Кыргыз Республикасында соода процедураларын жөнөкөйлөтүү боюнча мындан аркы стратегиялык артыкчылыктар жана негизги багыттар белгиленди. Өзгөчө көңүл санариптештирүү, ведомстволор аралык өз ара аракеттенүү жана аймактык кызматташтык маселелерине бурулду.

> Иш-чарада тышкы экономикалык ишмердүүлүктүн катышуучулары үчүн процедуралардын ачык-айкындуулугун жогорулатууга, күтүү убактысын кыскартууга жана шарттарды жакшыртууга багытталган Кыргыз Республикасынын өткөрүү пункттарында электрондук кезек системасын киргизүү боюнча видеопрезентация көрсөтүлдү.